• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Аида Касымалиеванын айыптоолоруна Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жооп берди

8 Тогуздун айы 201810:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.10.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын айыптоолоруна Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жооп берди. Маалымат боюнча   2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү министрликтин башчысы жана 3 кызматкери Вашингтонго иш сапары менен барган.
Маалыматта  «Инновациялар аркылуу туруктуу ишенимдин жетишкендиктери» глобалдык симпозиумга катышкан. Бул иш-чаранын максаты жаңы программалык камсыздоо менен тааныштыруу болгон.  Бул программалык камсыздоо балдардын маалыматтар базасын колдонууда адамдык факторду жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет жана бардык процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатат. Бул программаны түзгөн «Тайлер Техноложи» компаниясы Кыргыз Республикасы үчүн өзүнүн эмгегин акысыз берүүгө даяр. Кыргыз өлкөсүндө бул программаны колдонуу үчүн айрым мыйзамдарга өзгөртүү керек», — деп жазылган.
Количество просмотров: 52