11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири Аида Майрыкова Аксы районунун Ак-Жол айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты.
Майрыкова кесиби боюнча мугалим, ал жергиликтүү кеңштин депутат болуп келгени айылды таза суу менен камсыздоо багытында алгылыктуу иштерди кылган. Мындан тышкары айылга сүтти иштеп чыгаруу боюнча цехин ачсам деген тилеги бар экенин айтып берди.