Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, камакка алынган мурдагы прокурор Аида Салянованын абалы канааттандырарлык. Ал №1 СИЗОнун дарыгерлеринин көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, Салянова 5-июнда камакка алынган. 15-июнда ден соолугуна байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Дарыгерлер консилиумдан кийин «Салянова ооруканада болушу керек» деген чечим чыгарып, анын жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркай турганын маалымдашкан.
29-июнда ооруканадан №1 СИЗОго кайрадан которулган.
Салянова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин №1 тергөө абагында калтырылган.