• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Аида Салянованын агасы АКШдан саясий башпаанек алды

4 Теке 2019 14:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

КРдин мурунку Башкы прокурору Аида Салянованын агасы Калыбек Эльтуйбасов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү АКШдан саясий башпаанек алышты. Маалыматты анын туугандары ырастаган, бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

АКШнын Иммиграциялык соту Калыбек Эльтуйбасовдун өтүнүчүн карап көрүп, ага каршы иш саясий негизде экенин белгилешкен.

Маалыматка караганда, Калыбек Эльтуйбасов АКШнын Иммиграциялык сотуна тийиштүү документтер менен бирге, ЖМКга чыккан маалыматтардын көчүрмөсүн жөнөткөн. АКШ соту ага каршы айыптар атайын жасалма фактыларга негизделерин айтат.

«Кыргызстанда жемкорлук кеңири жайылгандыктан бийлик каалаган соттук чечимди чыгаруу үчүн ага каршы далилдерди жасай алат. Учурда бийликте турган партия өзүнүн саясый оппонентерин басуу үчүн сот бийлигин кеңири колдонуп келет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Калыбек Эльтуйбасов 19 жаштагы Камиля Дүйшебаеванын өлүмүнө байланыштуу иште күбө катары каралган. Ал Камиля Дүйшебаева менен тааныш болуп, акыркы жолу көргөндөрдүн катарында.

Количество просмотров: 5