11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты, PISA-2025 багытындагы тренер Айгулья Атабекова тренингден алган тажрыйба билим кампасын толуктап, мындан аркы ишинде колдоно турганын айтты.
Ал ошондой эле үч күндүн ичинде 3 идея пайда болгонун жана аларды ишке ашыруу максатында алгачкы кадамдарды жасап жатканын билдирди.