• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Айбандар болот экен». Жапаров 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча пикирин билдирди

6 Теке 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте журналист жана блогерлер менен жолугушуу учурунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы, күч органдарынын реформасы жөнүндө суроого жооп берген.

“Милиция кызматкерлеринин арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Өлүм жазасын алып, демократиялык өлкө бололу дегенде каршы болуп Аскар Акаевге кайрылып, мындай нерселер жазасыз калбашы керектигин айткам»,-деген Жапаров.

Жапаров зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн күч органдары менен бирге аракет күчөтүлөрүн кошумчалаган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир күн мурда ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дерлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон.

Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда. 

Количество просмотров: 5371