• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Айбек Кыштобаев: Бишкектин эстеликтери жана тарыхый жерлери боюнча гид колдонмосу ишке кирди

8 Чын куран 2021 14:27 Бишкек Govori.TV


Кайдыгер эмес ар бир шаар тургуну улуттун маданий мурастарын сактоого өз салымын кошушу керек дейт “Ынтымак” партиясынын тең төрагасы, Бишкек шаардык кеңешине талапкер Айбек Кыштобаев.


Анын айтымында, бир нече ай мурда анын демилгеси менен уникалдуу долбоор башталган, учурда бул долбоор аягына чыгып калды.

Este.kg — бул Бишкек шаарынын эстеликтери жана тарыхый жерлери боюнча гид колдонмо. Este.kg долбоорунун мааниси ар бир эстеликке же тарыхый объектке QR коддору орнотулуп, аны каалаган смартфондун жардамы менен сканерлөөгө болот. Колдонуучуну ошол эстелик жөнүндө эң кызыктуу маалыматтарды камтыган баракчага алып барат”, — дейт Айбек Кыштобаев.


Анын белгилөөсүндө, эстеликтеги тарыхый адамга тиешелүү уникалдуу фактылар, сүрөттөр, эмгектер жана башка көптөгөн маалыматтарды бир жерден табууга болот.


“Ынтымак” партиясы куру убада бербейт. Партия «Айтылды-аткарылат», — деген ураан менен иштейт”,- деп кошумчалады Айбек Кыштобаев.

«Ынтымак» партиясы No24 — өзгөрүүлөр бизден башталат!

Аткаруучу: «МИА Говори»» ЖЧКсы ; дареги: Бишкек шаары, К.Акиев к. 66. Буйрутмачы: “Ынтымак”саясий партиясы. Тираж 1 экз. Чыккан күну: 05.04.21 Буйрутма СПнын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Бектенова Ж.Д.

Количество просмотров: 100