• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарат

12 Баш оона 2021 14:21 Бишкек Govori.TV

Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Марипов кол койгон башка бир буйрукка ылайык, Сарыбашов Таалайбек Насирбекович берген арызына ылайык Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун кызматын ээлеп келген.

Количество просмотров: 355