• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Айда-жылда бир келет”. Жыйындан чыгып кеткен министр депутаттын сынына калды

7 Бирдин айы 2024 16:07 Бишкек Govori.TV

Жыйында депутат Айгүл Айдарова сүйлөйүн деп жатканда маданият министри Алтынбек Максутов ордунан туруп кеткен.

Вице-спикер Алтынбек Максутов бир саамга суранып чыкканын айтып, министрдин орун басарына суроо берип турууну сунуштады. Айдарова суроосун министрдин өзүнө берүүнү пландап жатканын айтып, анын чыгып кеткенин сынга алды.

“Муну кандай түшүнсө болот? Бул тоготпостугубу?! Өзү айда-жылда бир келет, анда да басып кетет. “Же баары бир кабыл аласыңар да” деген ойдо кетип калдыбы,» — деди ал.

Вице-спикер «ачыгын айтайын, дааратканага суранып чыкты,» — деп жооп берди.

Депутаттар Максутов залга кайтып келгенче күтүп олтурушкан.

Алтынбек Максутов жыйынга кайтып келип, орундукка отурганда, депутат Айдарова «Жеңилденишиңиз менен» — деп залды күлкүгө салды.

Количество просмотров: 159