• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Айдана Оторбаева: «Кыйынга» окшогон долбоор коомго керек

2 Аяк оона 202218:05 Бишкек Govori.TV

«Кыйынга» окшогон долбоор коомго керек. Мындай пикирин Кыргызстандын футбол жана футзал боюнча улуттук курама командасынын футболчусу Айдана Оторбаева билдирди.

«Айымдар көп нерсеге жөндөмдүү келип, маанилүү чечим кабыл алууда коомчулукка залака тийгизбейт. Аял заты дүйнөнү жакшыртуу үчүн жаралган. Ошол эле учурда баары лидер эмес. Деген менен ар бир адам өзү үчүн лидер болуусу керек. Эң негизгиси өзүңө жаккан иш менен алектенсең калган нерсе өз жолуна түшөт. Албетте, билим маанилүү. Ал эми тренинг боюнча айтсак, чогулган аудитория абдан жакты. Баарынын койгон максаттары бар. Ушул сыяктуу долбоорлор коомго керек»,-деди ал.

Белгилей кетсек, “GOVORI.TV”мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында жетинчи тренингин өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген жаш лидерлер катышууда.

Количество просмотров: 215