• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Айдарбеков аны комитет төрагалыгынан кетирүү аракети боюнча комментарий берди

17 Тогуздун айы 2022 16:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков аны жетекчиликтен алуу аракеттери көрүлүп жатканы тууралуу маалымат боюнча комментарий берди. 17-октябрда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Мен бул боюнча толук маалымат уга элекмин. Адахан Кимсанбаевич башка каналдары аркылуу бул маалыматты укту окшойт. Жалпы жыйында 19-октябрда карайбыз», — деди ал.

Комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Чыңгыз Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу өткөн курултайжа Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров айткан.

Белгилей кетсек, 10-октябрда аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Чыңгыз Айдарбеков өзү келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, чечимин тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.

Количество просмотров: 411