• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чыңгыз Айдарбеков: Ороктогу заводдор мыйзам бузуу менен иштеп жатат

17 Аяк оона 202415:58 Бишкек Govori.TV

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин отурумунда Боз Бөлтөк жана Орок айылындагы заводдордун ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирди.

Анын айтымында, аталган аймактарда көптөгөн заводдор мыйзам бузуу менен иштеп жатат.

«Жасалма заводдор бар, алар жөн эле иштебей турат. Орок айылындагы мектептке жакын жерде ишкана иштеп жатат, бул окуу жай үчүн ыңгайсыздык жаратат», — деди депутат.

Депутат мындай заводдорго катуу чара көрүү керек деп эсептейт. Айдарбековдун айтымында, бул заводдордун кожоюндары «аймактын абалына маани бербеген» чет элдиктер.

Депутатка өлкөдө ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилгени, буга чейин завод-фабрикаларга айып салынып, айыптар төлөнүп берилгени айтылды.

Количество просмотров: 170