Айдарбеков Германиянын элчиси Моника Иверсенди кабыл алды
Айдарбеков Германиянын элчиси Моника Иверсенди кабыл алды
14 Жетинин айы 2018 10:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германиянын элчиси Моника Иверсен менен жолукту. Минитсрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-немис кызматташтыгы боюнча маселелер талкууланды.
Иверсен Германия Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууга кызыктар экенин жана эл аралык уюмдардын алкагында да кызматташуу эки тараптын мамилелеринин өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенерин билдирди.
Ошондой эле келечектеги кызматташуусунун багыттары талкууланды.