• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Айдарбековдун ордуна Примов сунушталууда

20 Тогуздун айы 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алынган Чыңгыз Айдарбековдун ордуна Улан Примовдун талапкерлиги сунушталып жатат. Бул тууралуу ЖК депутаты Шайлообек Атазов «Govori.TV»га айтты.

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан чакыртылып алынды. ЖК жыйынында аны төрагалыктан чакыртып алуу жөнүндө Токтом долбоору добушка коюулуп, аны 43 депутат колдоп, 16 депутат каршы добуш берди.

Количество просмотров: 192