• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Айдоочу рулга ээ боло албай аялдаманы сүздү

20 Теке 202213:39 Бишкек Govori.TV

Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай аялдаманы сүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 01:15те болгон. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, болжол менен 20-25 жаштагы жигит Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай аялдаманы сүзгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда унаа айып аянтчасына коюлду.

Количество просмотров: 209