• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Айдоочу унааны башкара албай каналга түшүп кетип, каза болду

7 Баш оона 2022 14:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-августта Чүйдө айдоочу унааны башкара албай каналга түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кзматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун Шамшы айылында «Volvo» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран көз жумган.

Жерине саат 03:20да Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, кошумча саат 04:21де дагы 2 суучул тартылып, унааны суудан чыгарып, жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 258