• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Айдоочунун өлүмү: Ташиев ишти өз көзөмөлүнө алды

28 Баш оона 2021 23:40 Бишкек Govori.TV

Кайгуул кызматынын инспекторунун табелдик куралынын огу тийип көз жумган айдоочунун өлүмү боюнча ишти УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, калкалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана адам өлтүрүү фактылары боюнча дагы үч сотко чейинки өндүрүш катталып, алар кошумча тергөө үчүн УКМК тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Жогорудагы кылмыш иштерин УКМКнын төрагасы өз көзөмөлүнө алды. Бул кылмышты жасоо менен байланышкан коомдук резонансты эске алуу менен УКМК коомчулукка иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип турат.

Эске салсак, 27 -август күнү милициянын кайгуул кызматынын инспектору жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарган. Натыйжада 32 жаштагы киши каза болгон. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси атындагы мечиттин жанында болгон.

Бишкек ШИИБнын маалыматы боюнча, каза болгон жаран каршылык көрсөтүп, ок кокусунан атылып кеткен.

Учурда ок чыгарган инспектор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Буга чейин каза болгон айдоочунун достору аталган окуяны жеке көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан болчу.

Количество просмотров: 283