• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Айгүл-Тоого» барууга 3 жылга тыюу салынды

30 Жалган куран 202316:58 Бишкек Govori.TV

Баткендеги «Айгүл-Тоо» жаратылыш аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Баткен токой чарбасынан кабарлашты.

1-апрелден тарта 2026-жылдын 1-апрелине чейин сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында жарандарга «Айгүл-Тоо» коругуна кирүүгө тыюу салынды.

Айгүл гүлү Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл Таш тоосунун боорунда өсөт. Ал жыл сайын апрель айынын баштарында алгачкы гүлдөрүн ачат. 20-апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүл ача баштайт. Анын гүлдөшү апрель айынын аягына чейин созулат.

Количество просмотров: 168