• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айгерим Алманбетова: «Кыз кыялы» блогумда кыздар кабылган стереотиптер тууралуу кеп курам

25 Теке 2020 22:16 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттигинин медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында өткөн он-лайн тренингдин катышуучусу Айгерим Алманбет кызы «Кыз кыялы» блогу аркылуу өз кыялын ишке ашыруула кыздар кабылган стереотиптер тууралуу кеп курат.

Блогер, активист Айгерим Талас облусунан болот. Ал Талас облустук жаштар кеңеши коомдук бирикмесинин кызматкери болуп эмгектенет.

Эске салсак, 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрөт. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Он-лайн тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилген.

Количество просмотров: 255