• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Айкөл элбиз! Баткенде жабыркагандар үчүн кан тапшырууну каалагандардын узун кезеги

17 Аяк оона 2022 13:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрда Баткенде жабыркагандар үчүн кан тапшырууну каалагандардын узун кезеги жаралды.

Республикалык кан борборунун алдында кезек күткөндөр колдон келген жардамыбызды көрсөтөлү деген максатта келишкенин айтышты.

Кошумчалай кетсек, Кан борбору Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дарегинде жайгашкан. Дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 8:00дөн 14:00гө чейин, ишемби күнү саат 8:00дөн 12:00гө чейин иштейт. Кан тапшырууну каалагандар жанына паспорт же айдоочулук күбөлүк, болбосо аскердик билетин алып алышы керек.

Количество просмотров: 722