Айланма жолдо ири жол кырсыгы катталып, 5 адам көз жумду
Айланма жолдо ири жол кырсыгы катталып, 5 адам көз жумду
5 Аяк оона 202211:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 14-чакырымында ири унаа кырсыгы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиргендей, “БМВ” унаасы каршы тилкеге чыгып, “Мазда” унаасы, андан кийин “Мерседес-Бенс” менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду:
К.С.З. 1986-жылы туулган, “БМВнын” айдоочусу;
А.А.А. 1994-жылы туулган, “Мазда демионун” айдоочусу;
К.З.Т. 2002-жылы туулган, “БМВнын” жүргүнчүсү;
Ж.А.Э. 2017-жылы туулган, “БМВнын” жүргүнчүсү;
К.Х.М. 1951-жылы туулган, “БМВнын” жүргүнчүсү.
Ал эми кырсыктан жабыркаган жарандар Ысык-Ата райондук ооруканасына жаткырылган.
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун бир бөлүгүн кеңейтип, акы төлөтүү сунушталууда
Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт трассасындагы айланма жолдун бир бөлүгүн кеңейтип, акы төлөтүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар …