Бишкектин четиндеги айланма жолдогу кырсыктан 5 адам каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, жеринде төрт адам каза болуп, бирөө ооруканага бараткан жолдо көз жумган.
«13 киши жабыркады, анын төртөө ооруканада, калгандары амбулатордук дарыланууда. Бейтапканага жаткырылган төрт адамдын бирөө реанимацияда, абалы оор, калгандарыныкы орточо оор»,-деп жазылат маалыматта.