• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Айланма жолдогу кырсыктан 3 киши каза болуп, алтоо жабыркады

17 Жетинин айы 2021 22:18 Бишкек Govori.TV

Айланма жолдогу кырсыктан 3 киши каза болуп, алтоо жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында УАЗ оор жүк ташуучу автоунаасы менен «Тойота Ипсум» жеңил автоунаасы кагышып, жүк ташуучу унаадан өрт чыккан.

«Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, 17:55те толугу менен өчүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 1173