Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана троллейбус башкармалыгы «D» категориясындагы айдоочуларды өз командасына чакырат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кытайдан алынып келинген жаңы автобустар үчүн жалпы 1,5 миң айдоочу керек. Айлыгы 50 миң сом. Айдоочулардын жаш курагы 21 жаштан 60 жашка чейин болушу шарт.
«»ВС» категориясы бар айдоочулар үчүн «Д» категориясына акысыз окутуу жана практика каралган, курсту аяктагандан кийин, расмий жумушка жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет», — деп жазылат маалыматта.
Суроолор боюнча 0705 86-84-64, 0312 53-18-14 же 0555 525 452 (whatsapp) номерлерине кайрылууга болот.
Троллейбус паркы: 0(312) 657590, 0701 507 700.
Дареги: 7-апрель көчөсү, 4. Электрондук дареги: [email protected].