• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аймактардагы мектептер кадимки окутуу режимине өттү

26 Бештин айы 2022 15:49 Бишкек Govori.TV

26-декабрдан тарта Кыргызстандын аймактарындагы мектептер кадимки окутуу режимине өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эгерде класстагы окуучулардын 20 пайызынан көбү ден соолугуна байланыштуу окууга келбей жаткан болсо, сабак берүү кайра онлайн форматка өтөт.

Буга чейин Бишкектин мектептеринде онлайн окутуу режиминин мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылганы кабарланган.

Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстанда мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн болчу.

Кышкы каникул быйыл мектептерде 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат, үчүнчү чейрек 11-январда башталат

Количество просмотров: 195