Бишкек.29.12.2018.Govori.TV.
Аймен Касенов Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын мүчөсү кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
«Бул чечим Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун № 1 тиркемеси), «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынды»,- деп айтылат маалыматта.