Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын утту.
Ал финалда австриялык Мартина Кюнц менен күрөшүп 6:4 эсебинде жеңип алды.
Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде артта калтырган.
Чейрек финалда Медет кызы россиялык Екатерина Букина менен кез келди. Мекендешибиз атаандашына караганда өжөрлүгүн көрсөтүп, 5:3 эсебинде аны жеңген.
Финалга чыкчу кармашта кыргызстандык спортчу германиялык Франци Рейделтти 6:1 эсебинде артта калтырды.
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.