• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында алтын алды

24 Кулжа 2022 14:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча (U-23) Азия чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды.

Айпери Медет кызы төрт беттештин төртөөнөн тең жеңишке жетти. Медет кызынын акыркы атаандашы казакстандык Инкара Жанатаева болду. Бул ирет дагы Айпери 12:0 ири эсепте алдыга озуп чыкты.

Мындан улам Айпери Медет кызы өзүнүн салмагындагы бардык атаандаштарын артта калтырып, алтын медалга ээ болду.

Дагы бир кыргызстандык Мээрим Жуманазарова буга чейин эки жолу жеңишке жетишкен. Ал казакстандык менен кармашат.

Количество просмотров: 1503