Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүндө болгариялык атаандашы Мария Оряшкованы жеңип, чейрек финалга чыкты. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз көрсөттү.
Биринчи бөлүктө Айпери Медет кызы каршылашынын артына өтүп 2 упай алып, андан кийин каршылашын айлантып, эсеп санын 10:0 кылып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Айпери эми кийинки этапта россиялык Марина Суровцева менен кез келет.