• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

21 Аяк оона 2023 9:01 Бишкек Govori.TV

кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Кыргыз балбаны чемпионаттын финалында япониялык спортчу Юка Кагами менен кез келип, 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Алган жаракатынан улам кыргыз спортчусу беттешти аягына чейин уланта алган жок.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Медет кызы 76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалынан тарта катышты.

19-сентябрда кыргыз спортчусу 4 атаандашын тең жеңип, финалга чыккан.

Количество просмотров: 95