• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айпери Медет кызы коло бейгелик беттеште жеңилүү ызасын тартты

2 Баш оона 2021 19:04 Бишкек Govori.TV

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга жеңилип, 5-орунду ээледи.

Айпери Медет кызы 1/8 финалда 2016-жылдагы Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси болгон казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалга өткөн.

Андан кийин россиялык Наталья Воробьева менен күрөшүп, аны мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга жолдомо алган. Бирок жарым финалдык беттеште дүйнөнүн беш жолку чемпиону жана дүйнөлүк рейтингдин лидери америкалык Аделин Мария Грэйге 2:3 эсебинде утулуп, финалга чыга алган жок.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси. 2020-жылы Азия чемпиону аталган.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. 

Количество просмотров: 631