• Шаршемби 22 Жалган куран 2023
  • Среда 22 Март 2023

Айпери Медет кызы Zagreb Open мелдешинде күмүш медаль жеңди

5 февраля 2023 в 13:46 Бишкек Govori.TV

Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн эл аралык рейтингдик турнирде күмүш медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан үч беттешинде дагы таза жеңишке жетип финалга чыккан. Финалдык кармашта Медет кызы америкалык атаандашы Елена Макойедке 4:2 эсебинде жеңилип калды.

Мелдеш 1-5-февралда Хорватиянын Загреб шаарында өтүүдө. Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштаган.

Буга чейин Айпери Медет кызы Индия, Канада, Кытайдан келген атаандаштарын таза жеңип финалга чыккан.

Количество просмотров: 184

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда