• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Айрым чек ара бекеттери убактылуу жабылат (тизме)

18 Чын куран 2024 19:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-апрелде айрым чек ара бекеттеринде өтүүгө убактылуу чектөө кирет. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан кбарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу төмөнкү посттор аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат:

  • 17:45тен 18:30га чейин «Чалдыбар-унаа жолу» посту;
  • 18:00дөн 19:00гө чейин «Чоң-Капка-унаа жолу» посту;
  • 19:00дөн 19:30га чейин «Ак-Тилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту;
  • 19:30дан 20:00гө чейин «Бор-Дөбө-автодорожный» өткөрүү пункту;
  • 20:00дөн 20:30га чейин «Достук-автодорожный» посту.
Количество просмотров: 121