• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалып жатат

25 Жалган куран 202516:28 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалып жатат. Бул тууралуу юстиция министри, Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун директору Аяз Баетов “Ынтымак Ордодо” өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул иш-аракеттер Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу түзүмүнүн натыйжалуулугун арттыруу жана бюрократияны азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Бирок азырынча кайсы мамлекеттик органдар жоюлары тууралуу маалымат берилген жок.

Буга чейин 10-мартта өкмөт 6 айдын ичинде мамлекеттик башкарууну кескин реформалап, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялап, бул ишти көзөмөлдөөгө Аяз Баетовду дайындаган.

Ал эми 26-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген атайын комиссиянын отурумунда 45ке жакын чечим анын ичинде 30га жакын жаңы мыйзам долбоору сунушталат деп күтүлүүдө.

Количество просмотров: 2391