Кыргызстанда 10дон ашык колония-поселение жоюлат. Бул тууралуу бүгүн брифингде юстиция министри Аяз Баетов билдирген.
Анын айтымында, түзөтүү мекемелери — бул түрмөлөр, ал эми колония-поселениелер — соттолгондор келип, каттоого туруп, көзөмөлдөн өтүүчү жайлар.
«Бирок, бул адамдардын колония-поселениелерге келип, каттоого туруусун токтотту. Андан кийин биз пробацияны киргиздик, ошентип эки система бири-бирин кайталап калды. Ошондой эле кадрлардын жетишсиздиги бар эле. Эми бул колония-поселениелер жоюлуп, бардыгы пробация системасына өтөт», — деди ал.