• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айрым шайлоочулар референдумга добуш берүүдөн баш тартышууда

11 Чын куран 2021 12:24 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар боюнча, айрым шайлоочулар референдум үчүн добуш берүүдөн баш тартышууда. Алардын айтымында 30 пайыздык жарандардын катышуусун камсыз кылбоо үчүн болуп жаткан.

Бирок, шайлоо тилкелеринде баш тарткан шайлоочулардын билдирүүлөрүн карандаш менен жазып жатышканы талкууга алынып, нааразы пикирлерди жаратты.

Эгер шайлоочу референдумга катышпоо ниетин билдирсе, бюллетеньди албай андан баш тартуу тууралуу билдирүүсүн жазса болот.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча шаардык кеңештерге 49 889 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 4,75% түздү. Ал эми айылдык кеңештер үчүн 122 250 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 5,39 пайызына барабар болду.

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 5% жетти. Референдумга шайлоочулардын 30% добуш берсе өттү деп эсептелет.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Количество просмотров: 124