• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Айсулуу Аскарбекова: Кыргыз коому аялдардын лидерлик потенциалын өстүрүүгө шарт түзүүсү керек

25 Теке 2020 14:08 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттигинин медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында өткөн он-лайн тренингдин катышуучусу жарандык активист Айсулуу Аскарбекова Кыргыз коому аялдардын лидерлик потенциалын өстүрүүгө шарт түзүүсү керек деген ойдо.

Аскарбекова Оштон, кесиби боюнча экономист, бухгалтер. Беш жылдан бери адамдардын укугу жана гендердик теңчилик боюнча сабактарды өтүп келет.

«Мен өз сабактарымды Кыргызстандын түштүк аймагында өтүп келем. Айымдардын лидерлик сапатын жана потенциалын өнүктүрүү жаатында болот. Ошондой эле биздин коомубуздагы жазылбаган стереотиптер да тууралуу сабактарды өтүп келем. Кыргыз коомчулугу аялдардын лидерлик потенциалын өстүрүүгө шарт түзүүсү керек», — дейт ал.

Эске салсак, 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрөт. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Он-лайн тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилген.

Количество просмотров: 119