11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири Кара-Кулжа районунан келген Айсулуу Мойдунова тренинг ага чоң мотивация бергенин айтты.
Ал белгилегендей, «Кыйын» тренингинде жүрүм-турум эрежелеринен тартып коомдогу аялдардын орду жөнүндөгү пайдалуу маалыматтар берилди.