• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Айсулуу Тыныбекова Италияда өтүп жаткан мелдеште алтын утту

17 Үчтүн айы 2020 9:06 Бишкек Govori.TV

Италиянын Рим шаарындагы биринчи рейтингдик турнирде кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) алтын медаль утуп алды.

Тыныбекова беттешти 1/8 финалдан баштап, биринчи атаандашы — кытайлык Жиа Лонгду 6:6 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан болчу. Ал эми чейрек финалда 23 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнөнүн вице-чемпиону болгон америкалык Мэйси Эллен Килти менен беттешти. Кыргызстандык балбан кыз аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда А.Тыныбекова дагы бир америкалык балбанды жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште кыргызстандык спортчу россиялык Любовь Овчарова менен күч сынашты. Анда Л.Овчарова жаракат алып, андан ары күрөшүүдөн баш тартты.

А.Тыныбекова 7:2 эсеби менен турнирдин жеңүүчүсү аталып, алтын медалдын ээси болду.

62 кг чейин

1/8 финал

Жиа Лонг (Кытай) — Айсулуу Тыныбекова — 6:6

1/4 финал

Айсулуу Тыныбекова — Мэйси Эллен Килти (АКШ) — 10:0 (5:36)

1/2 финал

Айсулуу Тыныбекова — Кайла Коллин Миракл (АКШ)

Финал

Любовь Овчарова (Россия) — Айсулуу Тыныбекова — 2:7

Кыргыз курамасынан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

Количество просмотров: 305