• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы мелдеште алтын утту

9 Жалган куран 20249:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчу Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан баштады. Чечүүчү алтын медаль үчүн беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы 5:0 эсебинде жеңип, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат.

Количество просмотров: 197