• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Байгазы Кенжебае: Айсулуунун коло үчүн күрөшү алтын медалдын деңгээлинде болду

11 Баш оона 20244:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев Айсулуу Тыныбекованын Олимпиададагы коло үчүн күрөшүнөн кийин комментарий берди.


-Легендага айланган, тарых жасаган Айсулуу Париж олимпиадасында кандай күрөштү?


— Акыркы беттешти көрдүңүздөр да, колдон чыгып бараткан күрөштү ар ким эле кайтарып алалбайт. Мен муну менен Айсулуунун мүнөзүн, өжөрлүгүн белгилегим келет. Мындай балбандар мүнөзү менен бааланат. Ошондуктан Айсулуунун жеңишин эң мыкты жеңиш деп эсептейм.

Коло үчүн күрөштүн алдында мотивация жетишсиз болдубу?

-Андай нерсе болгон жок. Бул спорт, мен ар дайым спортто жеңгендер да, жеңилгендер да болот деп айтып келем. Айсулуунун коло үчүн күрөшү алтын медалдын деңгээлинде болду.


Количество просмотров: 551