• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
60kg GR — Zholaman Sharshenbekov (KGZ) df. Fumita Kenichiro (JPN)

 Улукбек Омокеев: Жоламанды Фумита өзү эмес, анын командасы жеңди

11 Баш оона 202412:46 Бишкек Govori.TV

Акын Улукбек Омокеев фейзбуктагы баракчасына Париж олимпиасы боюнча пикирин, анализин жазып, «Алтын бизге жарашмак! Алтын команданын күчү менен келет. Жоламанды Фумита өзү эмес, анын командасы жеңди.

Биздин балбандарга таазим. Элдин балдары ойногон убакта тер төгүп машыкты, элдин кыздары боенуп, сейилдеп жүргөндө булар ачка, салмак кууп жүрүштү. Таттуу балалыгын, жаштыгын өлкө намысына алмаштырышты. «-деп жазды.

Биз алтынга ылайык болчубуз. Айрыкча грек-рим күрөшү менен айымдар күрөшүнөн алтын аларыбызды дүйнө күтүп жаткан.

Бизди оңой менен тогото бербеген кошуналарыбыз: “Эртең кыргыздың балуандары алемди дүрилдететин шыгар” –деп жазганы бар.

Алтынга мезгил жеткен эле. Дүйнөдө аддыңкы сапта турган балбандарыбыз колону баса жыгылды. Албетте ага оңбогондой эрк, эмгек менен жетишти. Нак өздөрүнүн күчү менен. Балбандарга миң таазим!

Биз аларды төбөбүзгө көтөрсөк жарашат. Алар тапшырманы ашыгы менен аткарышты.

Аларга болгон камкордук калайга ылайык болду. Моюнга алышыбыз керек!

Спортко эң биринчи акча керек. Сөз жок, күрөшкө бардык спорт түрүнөн акча көп бөлүнөт. Анан натыйжалуу иштеген кесипкөй команда керек. Баарыбыз айтып жаткан спорт дарыгери, массажист, диетолог, психолог, анализ жүргүзгөн атайын адистер, машыктыруучулук штаб, уюштуруу комитети жана башка.

Алтын команданын күчү менен келет. Жоламанды Фумитанын командасы жеңди, Фумита өзү эмес.

Биз баланча спортчу жиберген баланча өлкөгө салыштырганда 16 спортчу жиберип, медалдын саны боюнча алдыга чыктык”, – деген арифметика суу кечпейт.

10 коло алсаң да, бир алтын алган өлкө рейтиңгде алдыга чыгып кетет.

Кошуналар приоритеттүү багыттагы спорт түрүнө өзгөчө көңүл бурушкан.

Баса, биз күрөштөн кандай үмүт кылсак, казактар бокстан ошондой эле үмүт кылган болчу. Алар да команданын иштебегендигин жүйө келтирип жатышат.

Албетте олимпиаданын колосу дүйнө чемпионатынын алтынынына тете. Бирок ал 1-орун дегенди түшүндүрбөйт да. Кошуналар жетимиш жети спортчу жибериптир, биз алдыдабыз ураа деген кантип болсун! Алар алтын алып жатат, АЛТЫН!

Мен спортчулардын ар бирин колунан өөп чыкмакмын. Алар жаштыгын беришти. Элдин балдары ойногон убакта тер төгүп машыкты, элдин кыздары боенуп, сейилдеп жүргөндө булар ачка, салмак кууп жүрүштү. Таттуу балалыгын өлкө намысына алмаштырышты. Каны дүрт этип күйүп кетейин дегиче тиштенип отуруп, бизге медаль алып беришти. Булар анык баатырлар. Ошол коло алып жатканда дагы 5:5, 6:6 деген эсеп жүрөктү жанчып турду. Ичинен кайнап, атылып кетейин деп күрөшкөн чыгар.

Спорчуларды татыктуу тосуп алгандан кийин, баары териштирилип, анализденет го деген жакшы ойдомун.

Количество просмотров: 332