Айсулуу Тыныбекова күйөрмандарын жолдошу менен тааныштырып, анын сүрөтүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Негизи мен ар дайым бактылуулук тынчтыкты сүйөт деп ишенип, жеке жашоону коомчулукка алып чыкпоону туура көрчүмүн. Бирок азыр жашоомдун жаңы баракчаларын ачып, колдоп, мени дүйнөдөгү эң бактылуу кылган адамды көрсөтүүгө мезгил келгенин сезип турам. Ар бир кыз бактылуу болууга милдеттүүбүз. Менин үй-бүлөм — менин бактым», — деп жазды Айсулуу.
Учурда үйлөнүү тойго даярдыктар жүрүп жатат. Балбан кыз буга чейин да күйөрмандарынын суроолоруна жооп берип, жолдошу кыргыз жигити экенин айткан.