• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Айсулуу Тыныбекова Азия биринчилигинин коло байгесин алды

21 Бирдин айы 202019:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Индияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинин коло байгесин алды.

Коло үчүн кармашта ал индиялык Сонам Сонам менен күрөшүп, аны 11:0 эсебинде жеңип алды.

Бүгүн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эсебинде 1 күмүш, 1 коло бар. Күмүш байгени кечээ, 20-февралда Айпери Медет кызы (76 кг) утуп алган.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт. Эртең эркин күрөш боюнча балбандар таймашка түшөт.

Количество просмотров: 100