• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Айсулуунун акылдуулугуна дагы бир ирет баа берилди

11 Баш оона 202414:38 Бишкек Govori.TV

Айсулуу Тыныбекова медаль алгандан кийин күйөрмандарына жолугуп ыраазычылыгын билдирди. «Мага мотивация берген, мага дем берген кыргыз элим. Мен кыргыздын кызы болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам»-деди.

Күйөрмандардын бирөөсү желекке кол коюп берүүсүн суранган. Айсулуу «желекке кол койбойм. бул биздин байрагыбыз»- деп койду. Социалдык тармакта Айсулуу күчтүү эле эмес, эстүү дагы кыз. Желекке кол койбой койду деп анын акылдуулугуна баа берилген комментарийлер, посттор жазылууда.

Количество просмотров: 781