• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Айтимбетова: SMM тармагында билимимди жогорулаткым келет

20 Чын куран 2024 13:27 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Айтимбетова Айсулуу Токмок шаарында жашайт.

«Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда улук окутуучу болуп иштейм. Андан тышкары учурда айымдарга психологиялык жана юридикалык жактан жардам берүү менен алектенем. Мисалы алимент, ажырашуу маселелери боюнча кеңештерди берип, колдоо кылам. Ал эми бул долбоорго маалыматты так жана кенен жеткирүүдө өзүмдү өнүктүрүү үчүн келдим», — деди ал.

Количество просмотров: 113