Айтмамат Назаров: «Жалпы республикалык тестирлөөнү 9-класста дагы жүргүзүү керек»
Айтмамат Назаров: «Жалпы республикалык тестирлөөнү 9-класста дагы жүргүзүү керек»
3 Тогуздун айы 2018 17:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.10.2018.Govori.TV
«Жалпы республикалык тестирлөөнү 9-класста дагы жүргүзүү керек» — деди Кыргызстан партиясынын депутаты Айтмамат Назаров. Бул тууралуу ал бүгүн 3-октябрда парламенттин жыйынында айтты. Эл өкүлү ЖРТ тапшырган окуучулар кириш упайларынын жарымын да топтой алышпай жатканын билдирди. «Кирүү упай 110ду түзөт, а бизде тест бергендердин жарымы бул упайлардын жарымын да топтой алышпайт. Менимче, ЖРТны 9-класстарда да жүргүзүү керек. Эгер алар кирүү упайларды топтой алышпаса, аларды 10-11-класстарда окутуунун эмне кереги бар? Аларды кесиптик техникалык лицейлерге жиберүү керек», — деди депутат.