• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Айтматов менен Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

24 Баш оона 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматов менен казак акыны Мухтар Шаханов тууралуу кыргыз- казак достугун даңазалаган даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Казак эл акыны Мухтар Шаханов өлкөгө даректүү тасмага тартылуу үчүн келген. Мындай демилгени иш жүзүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ашырып, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы, “ЭлТР” телерадиокомпаниясы, 5- канал, “Пирамида” каналдары жана Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясы колдоого алды.

Тасма Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылып, Руслан Машрапов режиссерлук кылууда. Чыгармачыл сапардын алкагында Мухтар Шаханов “Ата-Бейит” тарыхый комплексинде, Ч.Айтмтовдун үй- музейинде жана Ысык- Көлдө болду. Чыгармачыл сапардын алкагында, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Мухтар Шахановдун чыгармачыл кечеси уюштурулган.

Количество просмотров: 202