Казак элинин көрүнүктүү акыны Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ал буга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болду.
Алп акын Мухтар Шаханов 1942-жылы Түркстан облусунда жарык дүйнөгө келген. Анын 30дан ашык поэтикалык китептери жарык көрүп, чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен биргеликте “Аскада калган аңчынын ыйы” эссесин жана “Сократты эскерүү түнү” пьесаны жазышкан.