• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айтматов жөнүндө «Евразиялык жазуучунун даңазалуу жолу» деген китеп чыкты

15 Жетинин айы 2020 19:58 Бишкек Govori.TV

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен өмүр жолун баяндаган «Евразиялык жазуучунун даңазалуу жолу» деген китеп Лондон шаарында жарык көрдү. Бул тууралуу китепти жазган Рахима Абдувалиева менен кызматташып жүргөн Нурболот Азамат Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, китепти жазуучу менен көп жылдар бирге иштешкен, анын чыгармаларын англис, немис тилдерине которуу жана чет өлкөлөрдө жайылтуу менен алектенип келаткан Лондондогу Чыңгыз Айтматов академиясынын жетекчиси, лингвист-профессор Рахима Абдувалиева жазган.

«Залкардын балалыгы, адабий карьерасы, дипломатиялык миссиясы, эл аралык кадыр-баркы, көтөргөн негизги идеялары тууралуу кыска жана нуска баяндаган бул китеп жазуучу менен жакындан таанышууну каалаган чет өлкөлүк окурмандар үчүн ылайыкталып жазылган. Бирок жазуучу жөнүндө буга чейин бизге белгилүү жана белгисиз кызыктуу маалыматтарды камтыгандыгы кыргыз аудиториясынын да кызыгуусун жаратары шексиз», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 79